«Жетим-Тоонун бир пайызы эмес, бир да куму берилбейт». Жапаровдун тышкы карызды төлөө боюнча берген жообу

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатат.

Анда тышкы карызды төлөө үчүн кен байлыктар берилбейби деген суроо берилди.

«Жетим-Тоонун бир пайызы эмес, бир да куму берилбейт. Өзүбүз иштетебиз. Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп жатабыз. Алар бар. Чечилбеген маселе жок. Жетим-Тоо берилет экен деген бул ушак сөз», — деди Жапаров.

Анын айтымында, Жетим-Тоодо 5 миллиард тоннадан ашуун темирдин запасы бар. «Бул 50 миллиард доллар тегерегиндеги биздин сырье боюнча запасыбыз. Ушул менен кутулсакпы деген сөз болгон. Азыр деле ал сөз уланып жатат. Бирок ага башка чет мамлекет катышпайт, эгерде ошол сырье менен кутула турган болсок, өзүбүздүн эле катышуубуз болот», — деди президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы.