0:2! 1-тайм «Барселона» легендаларынын жеңиши менен аяктады

Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо «Барселона» легендалары менен «Азия Легендаларынын» беттеши болуп жатат.

Президент Садыр Жапаров 1-таймда оюн талаасынан чыкты. Эсеп сандар беттештин 26-мүнөтүндө ачылды. Эсепти «Барселона» легендаларынын оюнчусу Ривалдо ачты. Экинчи голду 37-мүнөттө Пабло Сорин киргизди.

Ошентип, 2:0 эсеби менен 1-тайм «Барселонанын» жеңиши менен аяктады. «Азия Легендалары» эсеп санын ача алышкан жок.