Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурду утуп алды (видео)

Кечээ, 11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапур курамасы менен беттешти. Жолдоштук беттеш Шарджа шаарында өттү. Эсеп саны 2:1 менен аяктады. Атаандашынын дарбазасына голдорду Айзар Акматов менен Эрнист Батырканов киргизди.

«Оюн жеңил болгон жок. Биринчи бөлүктө биз биринчи 10 мүнөткө чейин активдүү ойноп, мүмкүнчүлүктөрдү өзгөрттүк, бирок 2:0 эсебинен кийин эс ала түштүк. Биринчи таймда көбүрөөк гол киргизиш керек болчу да. Экинчисинде биздин оюнчунун одоно катасынан кийин он киши калып, системаны кайра куруп, коргонууга өтүштү. Коргонууда жакшы иштедик», — деди улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.