Кечээ, 8-мартта Хоккей боюнча IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы жеңүүчү болду. Алар Кувейтти 14:0 эсепте утуп алышты. Аны менен бул Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээлеген Кыргыздын хоккейчилери эми үчүнчү дивизиондо ойношот.
Буга чейин Кыргызстандын курама командасы Ирандын командасын 13:1 эсебинде, Малайзиянын командасына каршы ойноп, аны 22:1 эсебинде, Сингапурду 15:0 эсеби менен утуп алган.
3-8-март күндөр аралыгында Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Бул республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болду. Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.
Президент Садыр Жапаров жана ханайым Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Кувейт курамаларынын ортосундагы турнирдин финалдык беттешин трибунадан көрүүчүлөр катары көрүштү.











