«5 алтын, 3 күмүш жана 5 коло». Бишкектин курамасы каратэ боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышты

Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү каратэ-до шотакан боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

27-августка чейин Дьер (Венгрия) шаарында шотокан каратэ-до боюнча 14-дүйнө чемпионаты өттү. Ага дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 1000ден ашык спортчу катышты. Кыргызстандын курама командасынын курамында 31 катышуучу болгон. Спортчулар беш алтын, үч күмүш жана беш коло медалга ээ болушту. Ошондой эле, Дүйнөлүк чемпиондукка Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү да катышты.