Адилет Камчыбеков пара-жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Кыргыз Республикасынын пара-жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов Тунисте өткөн лицензиялык мелдешке катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 18-марттан 20-мартка чейин Тунисте өткөн. Спортчуларды машыктыруучу Алмаз Абиров жетектеп барган.

Адилет Камчыбеков диск ыргытууда коло медаль жеңди. Ошондой эле найза ыргытууда 7-орунду, ядро түртүү боюнча 5-орунду ээледи.

Ал эми Арстанбек Базаркулов найза ыргытууда 8-орунду, ядро түртүү боюнча 7-орунду, диск ыргытуу боюнча 4-орунду ээледи.

Мелдешке дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн 600 спортчу катышты.