Айпери Медет кызы жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээледи

Айпери Медет кызы UWW 2023-жылдагы дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээледи.

Кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча 76 килограммга чейинки салмак категориясында кыргызстандык кыз 82 миң 600 упай топтоп, экинчи орундагы колумбиялык Татьяна Рентериядан 35 миңден ашык упайга озуп кетти.

Акыркы рейтинг Дүйнөлүк чемпиондуктардагы, Континенталдык чемпиондуктардагы, Азия жана Панамерикалык оюндардагы, ошондой эле төрт UWW рейтингдик турнириндеги көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлдү.

Медет кызы 2023-жылы Бишкекте өткөн Азия оюндарында жана рейтингдик турнирде жеңишке жеткен. Ошондой эле Хорватияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда, Азия чемпионатында жана рейтингдик турнирде күмүш медалга ээ болгон. Египетте өткөн рейтингдик турнирде 3-орунга ээ болгон.