Айпери Медет кызы коло медаль үчүн беттеште жеңилип калды

Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн болгон беттеште жеңилип калды.

Спортчу 76 килограммга чейинки салмак категориясында катышууда. Биринчи беттешинде кытайлык балбан Вэнь Юань менен кездешип 5:3 эсебинде женип, 1/4 финалга чыккан. Чейрек финалда индиялык Ретика Ретиканы 1:1 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган. Жарым финалда АКШдан барган спортчуга жеңилип калган. Медет кызы коло үчүн беттешке мүмкүнчүлүк алган.

Коло медаль үчүн беттеште Медет кызы кубалык балбан менен беттешип, жеңилип калды.