Айсулуу Тыныбекова 2021-жылы Азиянын эң мыкты балбаны деп табылды

UWW Asia версиясы боюнча Айсулуу Тыныбекова 2021-жылы кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Азиянын эң мыкты балбаны деп табылды.

2021-жылы кыргызстандык спортчу экинчи жолу катары менен Дүйнө чемпиондугун жана Азия чемпиондугун жеңген. Анын Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медалы да бар.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Азиядагы эң мыкты балбан деп ирандык Гераеи Мохаммедрезанын ысымы аталды. Ал Олимпиада оюндарына жана дүйнө чемпионатында алтын байге жеңген.

Эркин күрөш боюнча дагы алдыга ирандык Хассан Алиазам Язданичарати чыкты. Бул балбан Азия жана дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утса, Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медалга жеткен. Азиядагы 2021-жылдагы мыкты балбандарды сыйлоо аземи 2022-жылдын апрелинде Моңголияда өтөт.