Айсулуу Тыныбекова: «Бул жолу ден соолугума байланыштуу оор болду»

Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Айсулуу Тыныбекова соцтармактагы баракчасына видео жүктөдү.

Азыр ичимде эмоциялар кайнап турган учуру! Бул жолу ден соолугума байланыштуу оор болду, бирок сиздердин чексиз колдооңуздар мага ар дайым алдыга умтулууга күч берип келет.

Биздин жеңиш жалпыбыздын жетишкендигибиз жана аны сиздер менен бөлүшүп жатканыма сыймыктанам. Сиздердин колдоонуздарга чоң рахмат! Колдоону ар дайым сезип келем. Менин мотивация жана эргүү алуучу булагым — силерсиңер!” — деп жазды ал.