Айсулуу Тыныбекова кайрадан Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова кайрадан Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалат.

Тыныбекова 8-июндан 13-июнга чейин Польшада өткөн эл аралык мелдеште 62 килограмм салмак категориясында күч сынашып, алтын медаль жеңди. Бул мелдеш балбандардын рейтингине дагы таасир этмек. Себеби байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга упайлар берилмек. Ошондой эле Польшада коло медаль жеңген Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакка чейинки категориядагы спортчулардын рейтингинде 3-орунга илинди.

Тыныбекова буга чейин UWW версиясы боюнча мыктылардын тизмесинде бир нече ирет турган.