Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. Ал 62 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.
Тыныбекова мелдешти 10-июнда финалдык баскычтан баштады. Алгач орусиялык Любовь Овчарова менен беттешти. Овчарова беттештин биринчи бөлүгүн 8:2 эсеби менен жеңген. Экинчи бөлүктө Тыныбекова чабуулга өтүп, эсепти теңеп, андан кийин атаандашын таза жеңиш менен утуп алды.
Жарым финалда дагы бир орусиялык спортчу Светлана Липатовага кез келип, аны 3:1 эсебинде жеңди.
Тыныбекова финалдык беттеште канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен күч сынашты. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталып, жыйынтык 7:1 жана Айсулуунун жеңиши.