Айсулуу Тыныбекова карьерасын улантабы? Машыктыруучунун жообу

62kg WW - Aisuluu Tynybekova (KGZ)

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев Айсулуу Тыныбекованын Олимпиададагы коло үчүн күрөшүнөн кийин комментарий бергенин «АКИспорт» жазды.

Кенжебаев Айсулуунун мыкты күрөшкөнүн белгиледи. «Акыркы кармашты көрдүңүздөр, колдон чыгып бара жаткан күрөштү ар ким эле кайтара бербейт. Айсулуунун мүнөзүн белгилегим келет. Андай балбандар мүнөзү менен бааланат, ошондуктан Айсулуунун жеңишин кубануу менен эң мыкты жеңиш деп эсептейм», — деди ал.

Коло үчүн күрөштүн алдында мотивация жетишсиз болдубу деген суроого Кенжебаев андай нерсе болбогонун билдирди. «Бул спорт, мен ар дайым жеңгендер да, жеңилгендер да болот деп айтып келем. Айсулуунун коло үчүн күрөшү алтындын деңгээлинде болду», — деди ал.

Карьерасын улантып, кийинки Олимпиадага катышуу боюнча: «Айсулуу менен өзүбүзгө келгенден кийин сүйлөшөбүз. Азыр тамашалап, «Кудай буюрса, Лос-Анжелестен көрүшөбүз» деп айтып жатабыз. Алгач Айсулуу жана машыктыруучулар штабы менен сүйлөшүп, анан чечим кабыл алабыз», — деди Кенжебаев.