Айсулуу Тыныбекова Нарынга болгон сапарынан видео менен бөлүштү

Спортчу кыз Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына Нарын облусуна болгон сапары аяктаганын жазды.

«Бул күндөр мен үчүн жаңы таанышууларды жана энергия алып келди. Сапардын негизги максаты балдарды шыктандыруу жана аларга дем берүү болгон. Жүздөн ашык студенттер менен суроо-жооп форматында маек куруп, миң окуучу менен жолугуп, балдар үчүн эки мастер-класс өткөрдүм. Бул сапар мага өлкө келечеги болгон балдарды шыктандыруу канчалык маанилүү экендигин эсиме салды. Ар бирибиз уникалдуу жолду тандайлы жана биз мындан дагы көп нерсеге жөндөмдүү экенибизди эстен чыгарбоо керектигин белгилейм»,- деди ал.

Тыныбекова Нарынга 2-октябрда барган. Ага “Нарын даңкы” сыйлыгы тапшырылып, “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган.