Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.
1/8 финалда Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 8:0 эсебинде ири жеңишке ээ болгон, чейрек финалда Румыниянын өкүлү Криста Тунде Инчени да ишенимдүү түрдө жеңди. Эми Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кармашат.