Балбан Акжол Махмудов белекке батир алды. Бул кубанычы менен ал социалдык баракчасына бөлүштү.
«Мен көп жылдан бери «Дордой» клубунун өкүлү болуп келем. Спорттук карьерадагы жетишкендиктерим үчүн мага Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылышты. Өлкөбүздөгү спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошкон Аскат Мааткабыловичке ыраазычылык билдирем», — деп жазган Махмудов.