Акжол Махмудов Норвегияда өтүүчү Дүйнө чемпионатына катышпайт

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов Ослодо өтүүчү дүйнө чемпионатына катышпайт. Маалыматты журналисттерге башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев тастыктады.

Ал эми жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов балбан ушу тапта Олимпиададан кийин калыбына келүү процессинен өтүп жатканын белгилеп, азырынча эч кандай мелдештерге барбай турганын билдирди.

Дүйнө чемпионаты Норвегияда 2-10-октябрь күндөрү өтөт.