Балбан Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Ал кечээ, 3-августта алтын медаль үчүн беттеште дүйнөнүн жана Европанын учурдагы чемпиону венгриялык Тамаш Лоринцке жеңилип калды.
Олимпиада оюндарына чейин Кыргызстандын өкмөтү медаль жеңген спортчуларга акчалай сыйлык берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык, Махмудовго күмүш медалы үчүн мамлекет тарабынан 7,5 миллион сом берилет.
Жалпысынан мамлекет Махмудовдун күмүш медалы үчүн 15 миллион 725 миң сом бөлөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, акчалай сыйлыктарга салык алынбайт.
Акчалай сыйлыктын ээлери:
Махмудов — 7,5 миллион сом,
Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев — 2 миллион 225 миң сом,
Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков — 1 миллион 875 миң сом,
Жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов — 1 миллион 875 миң сом,
Биринчи машыктыруучусу Жеңиш Сатыбалдиев — 750 миң сом,
Дарыгер Бактыгүл Алишева — 750 миң сом,
Массажист Константин Еремич — 750 миң сом.