Акназар Кенжебаев шахбоксу боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын жеңди

Кыргызстандык спортчу Акназар Кенжебаев шахбоксу боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды.

28-октябрдан 2-ноябрга чейин Ричсон шаарында (Италия) шахбоксу боюнча 5-Дүйнөлүк чемпиондук өттү.

Кенжебаев 90 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Биринчи беттеште кыргызстандык Түркиядан келген спортчуну 59 секундда жеңип алды. Жарым финалда Кенжебаев Франциянын өкүлүнөн күчтүү болуп, финалда орусиялыкты утуп алды.