Александр Крестинин кызматтан кеткенден кийин кайрылуу жасады

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткенден кийин кайрылуу жасады. Аны Кыргызстандын футбол союзу жарыялады.

«Мага келечекке жол ачкан Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын жана сыймыктанам. Оюндарын мындан ары да дайыма көрөм. Менин жүрөгүмдө биздин биргелешкен ишибиз өзгөчө орунда турат. Алга, Кыргызстан!

Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучулар штабына көп жылдар бою чогуу иштегенибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз абдан узак жолду басып өттүк, ал аяктады. Биздин иш учурунда көп нерселер болду. Стадионубузду толтурган күйөрмандарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Көптөгөн абдан жакшы көз ирмемдерди баштан өткөрдүк, ар дайым бирге болдук. Биздин күйөрмандар эң мыкты. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун орду өзгөчө. Ошондой эле Кыргызстандын футбол союзуна, бардык кызматкерлерге биргелешкен ишибиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет», — деп айтылат кайрылууда.