Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.
Спортчу 57 килограмм салмак категориясында беттешип, казакстандык балбанды 2:4 эсебинде, монголиялык балбанды 8:5 эсебинде жеңди. Ал эми алгачкы беттешинде пакистандык балбан килемге чыкпагандыктан автоматтык түрдө жеңиш Алмаз Сманбековго берилген.
Финалдык беттеште индиялык балбанга жеңилип, күмүш медалга ээ болду.