Азамат! Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын жеңди

60kg GR - Zholaman Sharshenbekov (KGZ)

Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында жеңүүчү аталды. Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.

Шаршенбеков биринчи беттешинде Тажикстандын өкүлүн катуу кармашта жеңип, андан соң Түштүк Корея менен Өзбекстандын спортчуларын эки ирет мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште кыргызстандык япониялык Аята Сузуки менен беттешип, жеңишке жетип, Азия оюндарынын жеңүүчүсү аталды.