Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Ослодо өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду.
1/8 финалда Жуманазарова кореялык спортчуну жеңип, 1/4 финалда канадалык спортчу менен кез келди. Аны 7:1 эсебинде жеңди. 1/2 финалда ал орусиялык Ханум Велиева менен кармашып, жеңишке жетип, финалга чыкты.
Чечүүчү беттеште Жуманазарова япониялык Рин Мияжи менен беттешип, аны жеңип, алтын медаль тагынды. Бул Кыргызстан экинчи алтын медаль болуп калды. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова эки жолку Дүйнө чемпиону болгон.