Азия чемпионаты (U-23): Грек рим күрөшү боюнча курама команда 7 медаль жеңишти

Кыргыз Республикасынын грек рим күрөшү (U-23) боюнча курама команда Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Азия чемпионатында 7 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 4 коло) жеңишти.

Аманат Самат уулу (67 килограмм) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 килограмм) алтын медалга ээ болушту. Артык Орозбеков 130 килограммга чейинки салмакта 2-орунду ээледи. Акыл Сулайманов (60 килограмм), Адилхан Нурланбеков (72 килограмм), Бекзат Орункул уулу (82 килограмм) жана Алибек Бердиев (77 килограмм) коло медалга ээ болушту. Курама команда улук машыктыруучулар Рыскул Эгеев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.