20 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатынын (U-20) жыйынтыгы
Азия чемпионатында (U-20) 20 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы күрөштө жалпысынан балбандар 16 медаль жеңип алды: 4 алтын, 4 күмүш жана 8 коло.
Грек-рим күрөшү:
Эмирлан Дүйшеналиев – 63 кг (алтын);
Жанторо Мирзалиев – 67 кг (алтын);
Кутман Калбаев – 55 кг (күмүш);
Эрбол Өзгɵнов – 60 кг (күмүш);
Илгис Каныбеков – 72 кг (күмүш);
Адилет Абыкеев – 77 кг (коло);
Рустам Садыков – 97 кг (коло).
U-20 курама командасынын улук машыктыруучусу – Рыскулбек Эгеев.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Эркин күрөш:
Аскат Токтоматов – 61 кг (алтын);
Өмүрбек Асан уулу – 65 кг (коло);
Залкарбек Табалдиев – 70 кг (коло);
Элнур Акыбаев – 86 кг (коло);
Яков Чаплин – 92 кг (коло).
U-20 курама командасынын улук машыктыруучусу – Алмазбек Аскаров.
Эркин күрөш боюнча курама команда 5-орунга ээ болду.
Кыздар күрөшү:
Гүлнура Таштанбекова – 68 кг (алтын);
Кайыркүл Шаршебаева – 72 кг (күмүш);
Азиза Шумкарова – 55 кг (коло);
Айжаркын Жаныбекова – 76 кг (коло).
U-20 курама командасынын улук машыктыруучусу – Билимбек Капарбек уулу.
Кыздар күрөшү боюнча курама команда 4-орунда.
Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Азиянын жаштар арасындагы чемпионатында алтын медалды 2017-жылдан бери ала элек болчу. Ошол учурда Акжол Махмудов чемпион болгон. Ал эми эркин күрөш боюнча балбандарда болсо чемпион 2014-жылдан бери чыккан эмес, ал кезде Улукбек Жолдошбеков чемпион аталган. Кыздар курама командасынын да алтын медалы 2019-жылдан бери болгон эмес, анда Мээрим Жуманазарова чемпион болгон.