Азия Чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын 13 секундда жеңип алды

Айсулуу Тыныбекова Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда жарым финалга чыкты.

Ал 12-апрелде 62 килограммга чейинки салмак ченинде беттешти баштады. Алгачкы беттеште Тыныбекова Өзбекстандын спортчусу менен беттешип, аны 13 секунддун ичинде ийинин жерге тийгизди.

Жарым финалда кыргызстандык япониялык Ноноки Озака менен беттешет.