Азия чемпиондугу. Амантур Жумаев алтын медалга ээ болду

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 52 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалдык беттеште кытай мушкерин жеңсе, 1/4 финалдык беттеште түркмөнстандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште Япониянын мушкери жеңген. Алтын медаль үчүн беттеште Казакстандын мушкерин жеңип 1-орунду ээледи.