Азия чемпиондугу: Дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курамасы 10 медаль жеңди

Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасынын мүчөлөрү Мунген шаарында (Түштүк Корея) өткөн Азия чемпиондугунда 10 медаль (2 алтын , 8 коло) медаль жеңишти.

Өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев, Адис Орозмаматов, Айдай Какитаева жана Азима Конокбаева коло медалга ээ болушту. Жаштар арасында (U-20) Эржан Канатбеков менен Эмирхан Жолдошбеков алтын медалга ээ болушту. Алина Молдокулова, Жанара Жолдошева, Мырзайым Дуйшенбекова жана Адина Көчкөнбекова 3-орунду ээлешти.

Курама команда улук машыктыруучулар Жаркынбек Шамбетов, Эрмек Сариев, Тимур Өмүрбеков жана Алибек Чороевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.