Азия чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн беттешти аягына чыгара алган жок

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшүп, беттеште мурдунан жаракат алып, жеңиш атаандашына берилди.

Турнирдин алгачкы беттешинде Жуманазарова кореялык кызды жеңип, жарым финалдагы күрөштө Япониянын өкүлүнө утулуп калды. Коло медаль үчүн күрөштө Жуманазарова казакстандык спортчу менен күч сынашмак.

Беттеште Жуманазарованын мурду канап кетти. Берилген убакытта канды токтотууга мүмкүн болбогондуктан беттеш токтотулду. Натыйжада жеңиш анын атаандашына берилди.