Азия Кубогунан кийин Кыргыз футбол союзунун жетекчилери кызматтан кетти

Кыргыз футбол союзунун жетекчилери кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган союздан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 29-январда жыйын өтүп, Азия Кубогунун жыйынтыгы боюнча маалымат угулган. Алгач союздун президенти Медербек Сыдыков улуттук команданын көрсөткөн жыйынтыгына байланыштуу жумушун тапшырууну чечкенин билдирди. Анын артынан аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү “өз жоопкерчилигин сезип” мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушту.

КФСнын жетекчилигин шайлоо 19-февралда өтөт.