Азия оюндары: Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты

Айпери Медет кызы Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында күрөш боюнча мелдеште чейрек финалга чыкты.

Ал 76 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган. Медет кызы биринчи беттешинде Кытайдан барган спортчу менен беттешип, аны 2:1 эсебинде жеңип алган.

Анын кийинки атаандашы Вьетнамдын өкүлү болмокчу.