Кечээ, 24-сентябрда Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бокс боюнча беттештер старт алды. Алгачкы күнү 63 килограм салмак даражасында Аскат Култаев күч сынашып, сауд арабиялык атаандашын 2-раундда нокаут менен жеңди.
Спортчу 1/16 финалдан баштаган. Кийинки беттеши 27-сентябрь күнү өтөт.