Азия оюндары: Дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль жеңди

Дзюдо боюнча улуттук курама команданыны мүчөсү Эрлан Шеров Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алтын медалын жеңди.

Спортчу 90 килограмм склмак даражасында беттешти. Эрлан Шеров алгач кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭлик спортчуну жеңип финалга жолдомо алган.

Финалдык беттеште Шеров 2021-жылкы Олимпиаданын коло байгесинин ээси, 2022-жылдагы дүйнө чемпиону Давлат Бобонов менен кез келди. Кыргызстандык спортчу жеңишке жетип, алтын медаль тагынды. Бул медаль Кыргызстан үчүн Кытайдагы Азия оюндарында биринчи болду.