Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Ханчжоу шаарында (Кытай) өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.
Спортчу 74 килограмм салмак даражасында беттешип, алгач ирандык балбандан 2:7 эсебинде жеңилген. Кийин атаандашы финалга өтүп, жубатуучу беттешке чыгып, Кытай балбанын жеңип коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Чечүүчү беттеште тажик балбанын 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.