Азия оюндары: Темирлан Аманкулов коло медалга ээ болду

Ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Темирлан Аманкулов Ханчжоу шаарында өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду.

Спортчу 75 килограмм салмак категориясында беттешти. Спортчу чейрек финалда монголиялык спортчуну упайлардын көптүк эсеби менен жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеш спортчубуздун Макао (Кытай Эл Республикасы) спортчусуна жеңилүүсү менен аяктаган.

Бул Кыргызстан курама командасынын Азия оюндарындагы 3-медалы.