Азиянын паралимпиада оюндары: Жалалидин Абдувалиев экинчи ирет күмүш медаль тагынды

Жалалидин Абдувалиев Азиянын паралимпиада оюндарында экинчи ирет күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу пара жеңил атлетика боюнча катышып жатат. 1500 метр аралыкты коштоочусу Артем Шапилов менен 4 мүнөт 30 секунд убакытта чуркап өтүшкөн.

Белгилей кетсек, Жалалидин Абдувалиев буга чейин 5000 метр аралыкты 17 мүнөт 15 секунд убакытта чуркап өтүп, 2-орунду ээлеген.