Дзюдо боюнча спорттун чебери, алыш күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорттун чебери, Дүйнөнүн бир жолку, Азиянын бир нече жолку чемпиону Мээрим Момунова сүйүктүүсүнө турмушка чыкты. Балбандын кыз узатуу тою 20-мартта борбордогу тойканалардын биринде өттү. SUPERTV Момунованы куттуктап байланышканда, буларга токтолду.
“Жолдошум Жалал-Абаддын кулуну. Өзү да спорттон алыс эмес адам, кикбокс, күрөш менен машыгат. Өзүнүн айтымында мени 5-6 жылдан бери сыртымдан көрүп, таанышууга аракет кылып жүрчү экен. Бир нече жолу келип учурашып калчу экен, бирок мен байкаган эмесмин. Кийин телефон аркылуу сүйлөшүп, таанышып калдык. 4 ай кыз-жигит катары мамиле куруп, баш коштук. Ата-энелерибиз заманбап тойду күзүндө болот деп чечишти”, — дейт ал.