Бали! Жоламан Шаршенбеков Болгариядагы мелдеште алтын алды

Бүгүн, 5-мартта Болгариянын София шаарында өтүп жаткан «Dan Kolov — Nikola Petrov» эл аралык турниринде Жоламан Шаршенбеков жеңүүчү болду.

Аталган турнир 2-мартта башталган. Кыргыз мамлекетинин атынан гек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасында Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков бар.