Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматындагы мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өз ыйгарым укуктарын тапшырып жаткандыгын расмий түрдө маалымдады.
Жалпы кыргыз футбол коомчулугу Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге аткарган эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, Кыргыз Республикасынын футболун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ишине берилгендиги, күчтүү лидерлик сапаттары, дайыма дем берип, жаңы бийиктиктерге умтулууга шыктандырган колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Кыска убакыт аралыгында, ырааттуу иш алып баруунун жана стратегиялык көз караштын негизинде 2024-жылдан тарта ата мекендик футбол системалуу өнүгүү жолуна түшүп, ири өзгөрүүлөргө жетишип, өлкө футболунун узак мөөнөттүү өсүшүнө бекем пайдубал түптөлдү. Негизги жетишкендиктердин катарында футбол тармагына мамлекеттик колдоонун күчөшү, инфратүзүмдө чоң секирик жасалып, өлкөнүн аймактарында заманбап талаптарга жооп берген жаңы стадиондор жана спорттук объектилердин курулушун белгилөөгө болот. Учурда дагы футболдун материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган ири долбоорлор ишке ашырылууда.
Профессионалдык футбол тармагында олуттуу өзгөрүүлөр да болуп, улуттук чемпионаттын форматы кеңейип, VAR системасы киргизилди, телетрансляциялардын саны көбөйдү, байге фонддору өсүп, клубдар менен аймактарга туруктуу колдоо көрсөтүлүүдө. Мунун натыйжасында улуттук, жаштар, олимпиадалык, футзал жана кыз-келиндер курама командалары эл аралык аренада туруктуу өсүш көрсөтүп, өлкө намысын татыктуу коргоп жатышат. Ошону менен катар жаш муундарды даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп, академиялардын иши күчөтүлүп, балдар-өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү программалары кеңейди, ал эми Улуттук академиянын эл аралык деңгээлде таанылышы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Түзүлгөн бекем пайдубал мындан аркы өнүгүүгө ишенимдүү негиз болуп, жетишилген ийгиликтер ата мекендик футбол тарыхында өзгөчө орунда калат. Кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымыңыз, көрөгөч жетекчилигиңиз жана талыкпас эмгегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Сиз баштаган иштер, кабыл алынган чечимдер жана түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр дагы көп жылдар бою өз жемишин берип, өлкө футболунун өсүшүнө кызмат кыла берет.