Бали! Жоламан Шаршенбеков Түркияда өткөн турнирде алтын жеңди

60kg GR - Zholaman Sharshenbekov (KGZ)

Жоламан Шаршенбеков Түркияда өтүп жаткан эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Балбан 8-мартта 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 20 спортчу катышкан. Ал Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын спортчуларын 3 ирет катары менен жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү кармашта Шаршенбеков ирандык спортчуну жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.