Бали! Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалын жеңди

68kg WW - Meerim Zhumanazarova (KGZ)

Мээрим Жуманазарова жайкы Париж Олимпиадасында күмүш медаль жеңди.

Мээрим Жуманазарова беттешин 5-августта баштап, алгачкы атаандашы болгон монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсеби менен уткан. 

Чейрек финалдык беттеште Япониянын балбаны Ноноки Одзаки менен күч сынашып, аны жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда нигериялык спортчу менен кез келди. Аны 3:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Ал эми финалда кыргызстандык спортчу АКШ спортчусу Амит Элор менен кез келип, андан 3:0 эсебинде жеңилип калды.