Кыргызстандык спортчу Мырзаназар уулу Бекболот Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду.
Спортчу финалдык беттеште азербайжандык Алиаббас Рзазаде менен кез келди. Кармаш 6:6 эсеби менен аяктап, атаандаштын жасаган ыкмасынын сапатына артыкчылык берилип, жеңиш Азербайжандын балбанына ыйгарылды.