Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль жеңди.
61 килограммга чейинки салмакта спортчу 1\4 финалдык баскычтан баштады. Жалпы 3 беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңүүчү болуп чыкты. Финалдык беттеште коңшу казакстандык Ассыл Айтакын аттуу балбан менен күч сынашып, жыйынтыгында 3:1 эсеби менен жеңишке жетти.
Тайырбек Жумашбек уулу ушуну менен Азиянын эки жолку чемпиону болду. Былтыр Астана шаарында (Казакстан) өткөн Азия чемпионатында 1-орунду камсыздай алган.