Баракелде! Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Чемпиондук ушул күндөрү Белградда 23 жашка чейинки спортчулар арасында өтүүдө.

Ал чечүүчү беттеште колумбиялык Татьяна Рентиера менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңип алды.

Алгачкы беттеште Айпери Медет кызы Эквадордон барган спортчу менен беттешип, туше менен жеңишке жетсе, чейрек финалда индиялык спортчунун 28 секундда ийнин жерге тийгизген. Жарым финалдык беттеште Айпери Медет кызынын атаандашы америкалык болуп, аны кыргызстандык 8:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.