Баракелде! Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо жеңди

Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо жеңди.

Балбан Бишкекте өтүп жаткан лицензиялык турнирдин жарым финалынын жеңүүчүсү болду. Регламентке ылайык, финалга чыккан спортчулар жолдомого ээ болушат.

Жарым финалда Жуманазарова өзбекстандык Набира Эсенбаева менен күч сынашып, 7:2 эсеби менен жеңишке жетти.