Башкы машыктыруучу: «Атаандаштарыбыз абдан күчтүү, ошондуктан бизди татаал оюндар күтөт»

Кечээ, 27-июнда чүчүкулак аземине Кыргыз футбол биримдигининин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын жана КФБнын курама командалар бөлүмүнүн менеджери Азиз Кудайбергенов катышты.

Максим Лисицын чүчүкулактын жыйынтыгы тууралуу мындай деди: «Бизге чүчүкулактын жыйынтыгы жакшы болду деп айта албайм. Бирок бул баскычта башка тандообуз болбойт болчу. Атаандаштарыбыз абдан күчтүү, ошондуктан бизди татаал оюндар күтөт. Менин оюмча биз туура тактиканы тандап, алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз!».

Футбол боюнча Кыргыз Улуттук курама командасынын өкүлдөрү 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун 3-турунун чучу кулак кармоонун жыйынтыгы боюнча, пикири менен бөлүшүштү.

Эрбол Атабаев — Футбол боюнча Улуттук кураманын жарым коргоочусу: «Чучукулактын жыйынтыгы боюнча биз күчтүү атаандаштарга туш болдук, бирок бул күтүлүп жаткан нерсе болчу. Эң башкысы футболчулардын жана Кыргызстандык күйөрмандардын кыялын ишке ашырып, үмүтүн акташ үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!».

Элдияр Зарыпбеков — Футбол боюнча Улуттук кураманын жарым коргоочусу: «Албетте, биз кыйын топко туш келдик, бирок мындай атактуу командалар менен күч сынашып көрүү андан да кызыктуу болот. Жеңилбей турган команда жок, деп айта алам. 200% күчүбүздү колдонуп, мыкты оюндарды көрсөтөбүз. Мен аларды чыдамсыздык менен күтүп жатам!».

Християн Браузман — Футбол боюнча Улуттук кураманын коргоочусу: «Бизге түшкөн тайпа абдан кызыктуу жана күчтүү курамалардан тураи. Оңой оюндар болбой турганын баарыбыз билебиз, ар бир беттешке даярданып, мыкты оюн көрсөтөбүз. Мен өз командабызга, ар бир оюнчуга ишенем жана жыйынтыкка жетүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз!».