Белбоо күрөшү боюнча курама эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында (Орусия) өткөн эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль жеңишти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
— 57 килограмм салмакта Нурданбек Курманбек уулу;
— 62 килограмм салмакта Толубай Шүкүров;
— 68 килограмм салмакта Калысбек Каюмов;
— 75 килограмм салмакта Молдобек Муратбек уулу;
— 82 килограмм салмакта Мыктыбек Өмүрзак уулу;
— 90 килограмм салмакта Болотбек Туратов;
— 100 килограмм салмакта Сыймык Чубак уулу;
— 100 килограммдан ашык салмакта Тилек Куралов.

Мелдеш 2-5-ноябрь күндөрү өтүп, ага 12 мамлекеттен спортчулар катышты. Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи. Курам Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.