Жума, 26.04.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

Бишкекте пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын «Алтын-Барс» чемпионаты өтөт

17-июндан 20-июнга чейин «Арча-Бешик» конушу, Жайыл Баатыр көчөсү №66 дарегиндеги спорт-эс алуу комплексинде пауэрлифтинг боюнча Борбор Азиянын “Алтын-Барс” ачык чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Мелдешке бардык курактагы жана салмак категориясындагы 400 спортчу катышат. Пандемиянын шарттарына байланыштуу аралыкты сактоо  үчүн спортчулар топторго бөлүнүшөт. Спорттук иш-чара үчүнчү жолу өтүп жатат. Демилгечилер — пауэрлифтинг боюнча Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын көп жолку жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Дмитрий Дороженко жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы.Мелдеш Борбор Азиядагы күчтүү спортчуларды, шаардын жана республиканын курама командаларын аныктоо, ошондой эле балдардын жана жаштардын арасында сергек жашоону жайылтуу максатында өткөрүлүүдө. 

Окшош

Бали! Амантур Исмаилов Париж Олимпиадасына катышууга лицензия жеңди (видео)

Бали! Амантур Исмаилов Париж Олимпиадасына катышууга лицензия жеңди (видео)

Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. 21-апрелде ал Бишкекте өткөн Азиянын лицензиялык турниринде беттешти. Кыргызстандык...

Мээрим Жуманазарова Олимпиадага лицензия жеңгенден кийинки эмоциялары менен бөлүштү

Мээрим Жуманазарова Олимпиадага лицензия жеңгенден кийинки эмоциялары менен бөлүштү

Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия жеңген Мээрим Жуманазарова беттештен кийинки эмоциясы менен бөлүштү. "Кыргыз элимди, күйөрмандарды сүйүнттүм деп ойлойм....

«Мындан ары жеңиштер гана болсун». Айсулуу Тыныбекова Мээрим Жуманазарованы кучактап, бетинен өөп куттуктады

«Мындан ары жеңиштер гана болсун». Айсулуу Тыныбекова Мээрим Жуманазарованы кучактап, бетинен өөп куттуктады

Бүгүн, 20-апрелде Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо жеңди. Жарым финалда Жуманазарова өзбекстандык Набира Эсенбаева менен күч сынашып, 7:2 эсеби менен жеңишке жетти. Социалдык тармактарга Айсулуу...

Баракелде! Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо жеңди

Баракелде! Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо жеңди

Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо жеңди. Балбан Бишкекте өтүп жаткан лицензиялык турнирдин жарым финалынын жеңүүчүсү болду. Регламентке ылайык, финалга чыккан...

Комментарий кошуу

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

АРХИВ

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.