Бишкекте жеңил атлетиканын кросс түрү боюнча өлкө чемпионаты өттү

Бишкекте жеңил атлетиканын кросс түрү боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык чемпионатка өлкөнүн 5 облусунан (Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас) жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 200дөй спортчу катышты. Анда жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, бул чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган.