Бүгүн, 2-май күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФС менен Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ортосунда келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка караганда, келишимдин мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин.
«Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футболдук союзунун президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз», — деди словакиялык адис.